Куттубек ажы Дүйшебаев жогорку класстардын окуучуларына билимдин пайдасы жана наркотикалык заттардын зыяны тууралуу лекция окуду

Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан А.Казакбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-10-11-класс окуучуларына наркотикалык заттардын зыяндуулугу жана экстремизмдин жаңылыштыгы жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №150 буйругунун аткарууга алуу алкагында өткөрүлгөн саамалыкта жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билим алуу жана мугалимди сыйлоонун артыкчылыктары тууралуу сөз болду.

Чогулушка Кемин районунун РИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана мектеп администрациясы катышты.