Чүй облусунун аймагындагы райондук хатибияттарда жыйындар өткөрүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук райондорунун жалпы имамдардына жыйын өткөрүлүп, казыят жана хатибият тарабынан бир канча тапшырмалар берилди. Алсак,

— КМДБнын №150 буйругун аткаруу;

— Каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү;

— Имамдардын этикасын жана риторикасын жакшыртуу;

— Этностор ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

«Имамдардын коомдогу орду өзгөчө бааланат. Биз, дин кызматкерлери, канчалык деңгээлде илим-билим жана тажрыйбабызды жакшыртсак, бизди караган эл ошого жараша түзөнөт, үлгү алат. Эл арасында ыңгайсыздык жаратып, коомдо зордук-зомбулук жасап жүргөндөр боюнча катуу иш алып баралы. Ошондой эле жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буралы. Аллах Таала өлкөбүзгө жакшылыктарды жаадырып, иштерибизге ийгилик берсин», – деди Абдурахман ажы Анаркулов.