Ош шаарынын казысы болочок ажыларга сабак өтүп, алардын суроолоруна жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык, Ош шаарында ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынан 2023-жылкы ажылык сапарына аттанган жарандарга сабак өтүп, суроолоруна жооп берди. Сабактын жүрүшүндө шаар казысы ажылык сапарында кылына турган амалдар жана шарттар боюнча кенен түшүндүрүп, парз амалдардын бири аткарылып жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Ош шаарынан ажылык сапарына рейстер 16-июндан башталат.