Абибилла ажы Кадырбердиев “Апиза эне” ислам институтунун студенттери менен жолугушту

Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтун зыярат кылып, анда окуп жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абибилла ажы студенттерге “илим талап кылуудагы шарттар, адептер”, “мугалимди урматтоо”, “мазхаб кармануунун зарылдыгы”, “акыйдага бекем болуу”, “туура эмес топтордон узак болуу” жөнүндө лекция окуп, студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды.

“Көзгө көрүнгөн, эл кызматындагы устаздарын институтубузга келип, студенттер менен жолугуп, өздөнүнүн насааттарын, кеп-кеңештерин айткандары келечек муунга шык берет. Эң оболу дин башкармалыкка жана Азирети Муфтий баш болгон жалпы устаз-дамлаларга терең ыраазычылык билдиребиз”, – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби, институттун ректору Абдирашит ажы Батыров.