Өзгөндө райондук деңгээлде китеп окуу конкурсу болуп, жеңүүчүлөр аныкталды

Ош облусунун Өзгөн районунда “Хайринсо” кыздар медресеси тарабынан райондук хатибият жана Өзгөн шаарындагы борбордук мечити менен биргеликте кыз-келиндер арасында уюштурулган китеп окуу конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Ага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн шаарынын жооптуу имамы Мухаммадаюб Хоринов, “Хайринсо” медресесинин мүдүрү Убайдулло Джабаралиев жана конкурсанттар катышты.

Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй сыйлыктар ыйгарылды:

1-орунга Умра сапарына жолдомо;

2-орунга муздаткыч;

3-орунга электр меши;

4-кир жуучу машина.

Ошондой эле калган катышуучуларга да кызыктыруучу сыйлыктар каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров конкурска демөөрчүлүк кылгандарга ыраазычылык билдирип, илим алуунун пазилети боюнча сөз сүйлөдү:

“Алла Таала Өз элчиси болгон Пайгамбарыбызга (с.а.в) “… Оо, Раббим! Илимимди арттыр!” дегин”, – деп айткан. Кээ бир аалымдардын айтуусуна караганда, Жараткан илимимди арттыр деп суроодон башка эч бир нерсени тилек кылууну үйрөткөн эмес. Аятка көңүл буруп акыл жүгүртсөк, анда илим алуунун маанилүүлүгүн аңдайбыз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да өзүнүн осуяттарында: «Бешиктен мазарга чейин илим изде!”, – деп айткан. Демек илим алуу бир канча убакытка гана чектелген нерсе эмес, балким өмүр бою токтоосуз алга жылуу. Кудай алдындагы улуу даражаларга пайгамбарлардан кийин эле илимдүү кишилер акылуу экени  айтылган. Жараткан баарыбызга пайдалуу илим насип кылсын”, – деди өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, уюштуруучулар жана демөөрчүлөр бул конкурс жыл сайын салттуу түрдө уланарын айтышты.