Кара-Сууда жума мечит имамдары мектеп окуучуларына экстремизмдин кесепеттери жана наркотикалык заттардын зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан мечиттердин жума мечит  имамдары Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин экстремизмдин жана наркотикалык заттарды колдонуунун алдын алуу максатында чыгарган №150 буйругун аткаруу алкагында орто мектептерде окуп жаткан 9-10-11-класстын окуучуларына атайын лекциялар, тегерек стол жана жолугушуулар өткөрүштү.

«Ислам дини тынчтыктын, биримдиктин жана тазалыктын дини. Экстремизм, терроризимдин алдын алуу, ар кандай терс агымдардын жайылышына бөгөт коюу жана келечегибиз болгон жаштарыбыздын наркотикалык заттарды колдонуусун алдын алуу ар бир ата-эненин, агай-эжекенин, имам-мударистин милдети. Ушул сыяктуу жаман жоруктардын, баңгиликтин алдын алуубуз керек», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

 Буйрукту аткаруу алкагындагы иш-чаралар төмөнкү мектептерде өткөрүлдү:

1. «Азатбек ажы» мечитинин имам-хатиби Токоев Темирлан Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу №70 Ибрагим Кулбаев атындагы мектепте;

 2. «Сармазар» мечитинин имам-хатиби Нишанов Рахимжан Шарк айыл өкмөтүнө караштуу №77 Хамза атындагы мектепте;

3. «Абдуллах ибн Умар» мечитинин имам-хатиби Мамадаепов Олимжон Нариман айыл өкмөтүнө караштуу №69 Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте;

4. «Назира Мухаммад Таж» мечитинин иамам-хатиби Масаидов Жахангир Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №123 Сүрөттүү-Таш атындагы мектепте;

 5. «Абдираим Дамла» мечитинин имам-хатиби Нурдинов Аширали Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №83 Алишер Навайи атындагы мектепте;

 6.«Арал» мечитинин имам-хатиби Бадиров Байыш Папан айыл өкмөтүнө караштуу №88 М.Заиров атындагы мектепте;

7.«Ак-Дөбө» мечитинин имам-хатиби Салиев Мавланжан Жоош айыл өкмөтүнө караштуу №29 Гайрат атындагы мектепте;

8.«Абу Ханифа» мечитинин имам-хатиби Кадиров Миркамил Нариман айыл өкмөтүнө караштуу №15 Хакимжан Мирзажанов атындагы мектепте;

9. «Осмон уулу Исабек» мечитинин имам-хатиби Ысабеков Маматкарим Папан айыл өкмөтүнө караштуу №91 Эргеш Алыкулов атындагы мектепте;

10. «Молдомати» мечитинин имам-хатиби Карабаев Ражапали Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу №20 Ырысбай Насиров атындагы мектепте.