Музаффар ажы Турдубаев: “Конокту сыйлоо мусулмандын өзгөчөлүгү”

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Кулатов айыл өкмөтүнүн имамдарына жыйын өттү. Анда КР Президентинин тийиштүү Жарлыктарын аткарууга алуу, мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелеринде ысрапкорчулукка жол бербөө, чет элден келген туристтерге жакшы мамиле жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Улуу элибизде «конок айттырбай келет» деген накыл кеп бар. Ата-бабаларыбыз меймандос, конокту күтө билген кадырман калк болгон. Конок кайсы убакытта, кайсы учурда келбесин, дасторкону жайылып, үстүндө тамак-ашы толуп турган түптүү элбиз. Шашып бараткан конокко да кымызын жуткурбай өткөргөн эмес. Байыртадан келе жаткан бул салтыбызды биз да колго алып, ата жолун жолдоп, жакындан келген конокторду, четтен келген туристтерди көңүлдүү тосуп, аларга сылык мамиле жасап, меймандостугубузду көрсөтөлү. Бул биздин элибизге, журтубузга, жерибизге кылган кызматыбыз болсун. Меймандостук бир эле салтыбызда  гана эмес, шариятыбызда да айтылган, макталган улуу амал. Конокту сыйлай билүү момундун өзгөчөлүгү», – деди Музаффар ажы Турдубаев.