Таласта жаңы 2 мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Талас облусунун Манас жана Талас райондорунда жаңы 2 мечит курулуп, колдонууга берилди. Мечиттер Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (БДЖА) тарабынан каржыланып, жогорку деңгээлде ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, БДЖАнын Кыргызстандагы президенти Мухаммад Мади, ЖК депутаттары, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Өмүрзак ажы Абдысамат уулу мечит куруунун артыкчылыктары тууралуу баян кылып, ибадаткана куруп берген демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.