Азирети Муфтийдин Энелер күнүнө карата куттуктоосу!

«Багынтпайт сенден башка уйку кимди,

Түн багып ирмебедиң кирпигиңди.

Момурап бешигимден үн чыгарсам,

Күлүңдөп кабагыңа күлкү кирди». 

Урматтуу энелер, асылзат апалар! Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Ыйык Куранда Алла Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылып, бүтүндөй өмүрүн балдары үчүн арнап өтөт. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле даражага койгон.

Урматтап-сыйлоого өзгөчө эненин акысы чоң. Пайгамбарыбызга бир сахаба келип: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?», – деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага: «Энеңе» , – деген. «Андан кийинчи?». Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе», – деген. «Андан кийинчи?» – дегенде, Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе», – деп үч жолу кайталап, төртүнчүсүндө гана «Анан атаңа» – деп жооп берген. Бул жерде аталардын укугун тепсөө эмес, энелердин баркын көтөрүү, алардын кызматын баалай билүү жөнүндө сөз болууда.

Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал», – деген.

Дагы бир хадисте: «Бейиш энелердин таман астында» деп айтылат. Ушул сыяктуу аят жана хадистер энени карабай коюу зор күнөө жана адамгерчиликке жатпаган иштерден экенин көрсөтүп турат. Эне баланы төрөөдөн мурда канчалаган кыйынчылыктарды башынан кечирет. Тогуз ай бою аны боюнда көтөрүп жүрүү, албетте бул оңой иш эмес.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Адамзатынын эң биринчи тарбиячысы – эне. Ата-эне ыраазы – Алла ыраазы, Алланын ыразылыгы ата-эненин ыраазылыгында.