Таластагы «Чубак ажы» атындагы мечитте болочок ажыларга сабак уюштурулду

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу «Чубак ажы» атындагы мечитте болочок ажыларга сабак уюштурду.

Облус казысы ажылыктын парздарын, аткаруу шарттарын жана ихрам кийгенден кийин жасалбай турган иштер (жинаят) тууралуу кенен түшүндүрүп, ажылардын суроолоруна жооп берди.

Ажы башчы Өмүрзак ажы Абдысамат уулу ихрам кийүүнү көрсөтүп, туура байлоону үйрөтүп жатып,

«Урматту ажылар, ажылык амалы машакаттуу ибадат. Чыдамкайлыкты, сабырдуулукту талап кылат, натыйжасы баардык күнөөлөрдөн арылып наристедей таза болосуздар. Ошондуктан ажы башчыга баш ийип, анын айткандарын так аткарсаңыздар, буйруса өзүңүздөр үчүн да, ажы башчы үчүн да кабыл болгон жеңил ажылык болот», – деди.

Сабакта сапарга аттануучулардын колдонуп жүргөн дары-дармектерин алып барууга болору айтылды.