Жайыл районунун имамдары Азирети Муфтийдин №150 буйругунун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жайыл районунун Петропавловка айылынын имамы Зиябидин Исаков жана Алексеевка айылынын имамы Аскарали Акбутаев айылдагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына наркотикалык заттардын зыяндуулугу жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 «Аллах Таала адам баласына өмүрдү, жаштыкты, ден соолукту аманат катары берген. Жараткандын аманатына кыянат кылбоо керек. Адам баласынын ден соолугун буза турган кандай гана наркотикалык заттар болбосун, шариятыбызда арам жана чоң күнөө болуп саналат. Андай жаман адаттардан алыс болуп, жаштык кезиңерди окуу, спорт менен алектенип, келечегиңерди жакшы курууга аракет кылгыла», – деп билдирди Зиябидин Исаков өз баяндамасында.

Иш-чарага аймактык тескөөчү Т.Мырзабеков, Петропавловка айылындагы «Улуу жеңиштин 60 жырдыгы» орто мектебинин директору Н. Өскөнбаев жана  «Алексеевка» орто мектебинин соц. педагогу А. Нурланбекова жана катышты.