Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун акими менен жолугушуп, эсептик каттоо боюнча пикир алышты

Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жана Икрам ажы Ырысбаев Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов менен жолугушту. Жолугушууда бир катар маселелер каралып, негизинен Сокулук районундагы эсепттик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси көтөрүлүп, Абдил-Азиз ажы Чыныбеков буларга токтолду:
«Азыркы учурда Чүй облусунун бардык аймактарында эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү талабы коюлуп, кызуу иш аракеттер жүрүп жатат, буйруса. Сокулук районундагы каттоодон өтө элек мечиттердин иш кагаздарына көмөк көрсөтөсөңүздөр, биздин ишибиз дагы да алдыга жылат деп ишенем».
Өз кезегинде Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов бул жаатта колдон келген жардамды көрсөтөрүн билдирди.