Талас облусунунун казысы Айтматов районунун имамдары менен жолугушту

Жолугушуу Айтматов районунун Чолпонбай айылында өтүп, район баш имам-хатиби Исламбек Куматаев жыл башынан бери аткарылып жаткан иш-чаралар жана мечиттер тууралуу маалымат берди.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев 2023-жылда салынып жаткан мечиттердин документтерин өз убагында бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, кечеңдеп кетпөөсүн эскертти.

Ошондой эле КМДБнын №150 буйругунун негизинде, баңгизаттардын жаңы түрлөрү пайда болуп, аларды колдонуу жаш өспүрүмдөрдүн арасында өсүп жататкандыгына байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Ошону менен катар мектепти бүтүрүп жаткан жана 10 жылдык, 20 жылдык деген шылтоо менен 25-майда жагымсыз жана одоно иштер болуп кетүүсүн алдын алып, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин колго алууну тапшырды.