Нарында жаш өспүрүмдөр арасында облустук деңгээлде Куран жарышы өткөрүлдү

Нарында облус казысы Эрик Молдокуловдун демилгеси менен 6 жаштан 13 жашка чейинки балдар арасында облустук этапта Куран жарышы болуп өттү. Куран жарышы Ат-Башы районунун Казыбек айылында уюштурулуп, ага облус райондорунан жалпы 31 бала катышты.

Жарышка калыстык кылган Кумарбек Орозалиев, Атиф Махмуд, Алтынбек Жумалиевдердин чечими менен баш байгени 13 жаштагы Кайрат Назаралиев алган болсо, 1-орунду Али Фагиев, 2-орунду Нуриман Сүйүндүков, 3-орунду Абдулазиз Табалдиев жеңип алды. Алдыңкы орундарды камсыз кылган төрт катышууга велосипеддер ыйгарылды. Ал эми жалпы катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар жана Нарын казыятынын Ардак грамоталары менен ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындан сырткары Казыбек айылында Курандан тынымсыз сабак алып жаткан келечек карыларга велосипеддер берилди. 

Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев конкурсту уюштурууну колго алган Казыбек айылынын имамы Таалай Тентиевге, Молдаалы Сасыковго, демөөрчүлүк кылган жалпы Казыбек айылынын жашоочуларына терең ыраазычылыгын билдирип өттү.