Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Египеттин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушуп, бир катар сунуштарын айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Египет Араб Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Манал Элсайед Йехия Элшиннави менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Египет  мамлекетиндеги диний окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандык студенттерге жеңилдиктерди жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты.  

Азирети Муфтий Египет Араб Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине Египеттеги  расмий жогорку окуу жайлар менен алака түзүп,  өлкөбүзгө квоталарды бөлүү маселеси боюнча келишимдерди түзүү, Кыргызстандын жана Египеттин расмий дин кызматерлеринин квалификацясын жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу практикасын колдонуу жана Египет мамлекетинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын расмий өкүлчүлүгүн ачууга жакындан колдоо көрсөтүү сунушун айтты.