ТЕКЕБЕРЛИК

Текеберлик – бой көтөрүү,чындыктын алдында баш ийбөө дегендик. Анын соккон ооруулу жүрөгү «Мен! Мен! Мен кылып жатам! Менин ийгилигим! Мен башкалардан өзгөчөмүн! Мен кыйын билемин! Мен күчтүүмүн! Менин колумдан баары келет!» – деп жатып өзүн күйгүзүп жок кылат.

Алла Таала Куран аяттарынын бир топ жеринде бул багытта бизге эскертүүлөрүн берген:

«Шек-күмөнсүз Алла Таала бой көтөргөн жана мактанчаак адамды жакшы көрбөйт» (Ниса сүрөсү, 4, 36).

«Жер бетинде текеберленип, бой көтөрүп жүрбө! Себеби сен эч качан жерди теше албайсың жана тоолорго тең боло албайсың!» (Иса сүрөсү, 17, 37).

«Алла Таала: Эй, Иблис! (Чексиз) кудуретим менен жараткан (Адамга) сажда кылбай коюшуңа эмне тоскол болду? Же бой көтөрүп текеберленгиң келдиби? Же бийик даражалардагылардан болуп калдыңбы? – деди» (Сад: 38, 75).

Ошентип, Ибилис адамдын нурду чагылдыра албаган топурактан жаратылганын тенсиңбей, бирок андагы Алланын берилген өзөктү көрө албай, от менен топурактын ортосундагы айырмачылыктан жаңылып, текеберлигин Алла Таала алдында көрсөтөрү менен каргышка калып, түбөлүк бактысынан ажыраган. Анысы аз келгенсип, муну өзүнөн көрбөй адамды күнөөлөп, кыяматка чейин адамзат урпагын адал жолдон адаштыруу менен өч алууга жан үрөөдө…

Деги эле текебер адам ким?! Кымбат баалуу унаасы бар, кабат-кабат үй-жайы бар, кийимди четинен чертип модасын кийген, иш-жайы, бизнеси бар, илимдүү, атактуу, чырайлуу адамбы?! Бул тууралуу хадисте мындай түшүндүрүлөт.

Кутман сахабалардан Азирети Абдуллах бин Масуд айтып калтырган куттуу хадисте мындай делет:

 «Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бир күнү: «Жүрөгүндө кыпынчалык текеберлиги бар адам бейишке кире албайт», – деди.

Сахабалардан бирөөсү:

«Адам баласы кийим-кечесинен жана бут киймин жакшы болушун каалайт», – деп суроолуу карады. Анда Алланын Элчиси:

«Алла Таала сулуу! Ал сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми текеберлик – чындыкты кабыл албоо жана адамдарды кемсинтип төмөн көрүү» – деп жооп берди» (Муслим, Иман 147; Абу Дауд)

Демек текеберлик адамзаттын жашоосундагы башкалардан өзгөчөлүгүнө карабайт, болгону ошол адамдын жүрөгүнө карайт, кеп кайсыл жакка ыктап, кайсыл жакка моюн сунуп жашаганда.

Негизи текеберлик оору. Аны айыктыруу, аны көбүнесе кандай адамдарда жолуктурууга болорун билгиңиз келсе, анда буларга көңүл буруңуз:

Биринчиси: Илимдүү болуу, илим үйрөнүүдөн мурда адеп үйрөнбөгөн болсо өтө коркунучтуу. Анын билгендери билбегендер үчүн чоң нерсе болгону менен ал үчүн илими ашкан сайын майда нерсеге айланат. «Ии, ушуну да билбейт, оңой нерсени сурайт, адам деген ушундай да болобу?» – деп өзүнүн канча жылдык амалдарынын сообун күйгүзүп алуусу мүмкүн. Себеби илимдеги менменсинүү жана текебердик бийликтен, атактан жана акчадан да кооптуу. Илгери дин устаздарыбыз алгач адепти үйрөтүп, кийин илим үйрөтүшчү. Аалым болгондор чыныгы мааниде – Алла тааладан корккондор. Биринчи ар ким өзүн таануусу керек. «Өзүн тааныган Раббисин тааныйт», – дешкен. Адам баласы өзүн тааныса бардык нерседен төмөн экендигин түшүнөт, алсыздыгын ойлонот, ушундайча жөөйөкөй, карапайым болот. Раббисин тааныган адам болсо кибрийа жана азамат сыпаттарынын жалгыз Анын сыпаты экендигин, Ага гана таандык экендигин түшүнөт.

Экинчиси – сулуулугу менен мактануу. Бул көрүнүш бизге адат болуп калгандай. Көпчүлүгүбүз өзүбүздү күзгүдөн карабай эле башкаларга сын такканды жакшы билебиз. «Көчөгө чыгып-чыкпай, ии анын мурду узун, капкара, семиз, көрүмсүз», – деп өзүн сулуу сезгендер бир жагынан ушак болсо, бир жагынан өзүн өйдө коюп окуган намазынын да, туткан орозосунун да сообу күл болуп сапырылып кетүүсү мүмкүн. Муну дагы дарылоонун чарасы – бир гана сырткы көрүнүшүнө эмес, ички абалына дагы көз салуу болуп саналат. Ичине көз салган кезде сулуулугу менен мактануусуна кедерги боло турчу бир канча ыпластыктарды кезиктирет. Бүткүл органдарында ыпластыктар бар. Ичегилеринде кир, табарсыгында заара, мурдунда маңка, оозунда какырык, кулактарында кулку, тамырларында кан. Күндө бир же эки жолу өз кирин өз колу менен тазалайт. Ушундай абалдагы адам сулуулугу менен кантип мактана алат?

Үчүнчүсү: Кубатына жана күчүнө ишенип текеберленүү. Мындай адамдар алсыздарга зулумдук кылып, кемсинтип, күч менен каалаганын өзүнүкү кылып, жашоодо өлбөөчүдөй көкүрөк керген адамдар. Көздөрү менен көрө албай турганчалык майда микробдорго жеңилген, ооруга чалдыккан, тырмагы менен тең чаяндын чагуусу менен канчалаган убакыт бою азап чегип туйлаган, жада калса уусу көп болсо өлүп кала турчу адам баласы кайсы күчүнө ишенет? Ошол эле убакта төө, арстан жана пил сыяктуу жаныбарлардын адамдардан алда канча эсе күчтүү экенин баары билет. Айбандарга да жете албаган бир сыпат менен адам баласы кантип мактана алат?

Төртүнчүсү: Байлык, үй-бүлө бир туугандары жана жан-жөөкөр адамдарынын көптүгү менен кылынган текеберлик. Булар сулуулук, кубат жана илим сыяктуу адамдын өзүндө болбогон нерсе менен текеберленгендик болот, бул текеберликтин эң жаманы. Өзүндө болбогон нерселер менен текеберленүү эң чоң акмакчылык. Ыйман келтирбегендердин арасынан өзүнөн дагы алда канча байлар бар. Бул адамга кадыр-барк бергенде ыйман келтирбегендер андан өтмөк…

Бир такыба мусулман инсан айткан экен:

«Адам  баласы  жийиркеничтүү  бир  тамчы  суудан  жаралды,  төрөлгөндө таза эмес  жерден  чыкты,  өмүр  бою  денесинде  таза  эмес  нерселерди  көтөрүп  жүрдү, өлгөндөн  кийин  чирип  сасыган  күлгө айланат,  дагы  кайсы  абалына  бой  көтөрөт».  Аллага  ант! Кандай  сонун  сөздөр. Акыл  жүгүткөндөргө сонун  үлгү  жана сабактар  айтылган.

Сөздүн аягы: «Сиз канчалык колуңуз узакка жетсе да, сөзүңүз эч качан жерде калбаса да, башкалардан өзгөчө болсоңуз да, соккон жүрөгүңүз асманга карап умтулса да, сизди бутуңуздан тартып ала турган эң арзан ак кепинге ороп, катуу тактайга коюп, ар бир адамга бирдей казылган эки метр кабырга жетелей турган өлүм чындыгы бар экенин эч унутпаңыз! Аллахым ар бирибизди текеберлик оорусунан сактасын!

Насиба Абдуллаева, Баткен облустук казыяты