Баткенде ажылык зыяратынан кайткан жарандар үчүн “Жардам көрсөтүү” пункттары уюштурулду

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, ажылык сапардан кайткандарды тосуп алуу, аларга керектүү жардамдарды жеринде көрсөтүү максатында Баткен облусунда төрт убактылуу “жардам көрсөтүү” пункту ачылды.

Алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда аталган пунктка кайрылса болот. Жарандарга атайын адистер тийиштүү медициналык жардамдарды акысыз көрсөтүшөт.

 “Жардам көрсөтүү” пункттары жана даректери:

— Кызыл-Кыя шаарында (Баткен облусунун кире беришинде);

— Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын кире беришинде;

— Баткен районунун Чоң-Гара айылынын кире беришинде;

— Лейлек районунун кире бериши.

Ажылар үчүн уюштурулган пункттар 13-14-июль күндөрү иштейт. Баткен облусунан барган ажылар 13-июлда кайтары мерчемделген.

Белгилей кетсек, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажыбашчы ажылык сапарга жөнөп кеткен. Аларды Кызыл-Кыя шаарынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нуридин ажы Мамасабиров жетектеген казыят жамааты жана дин кызматкерлери узаткан.