Лейлекте дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы жана өз убагында азан айтуу маселелери талкууланды

Кечээ, 12-июлда Лейлек районунун Раззаков шаарындагы «Нур» мечитинде Лейлек районунун имамдарына бир убакта азан айтуу, бирдиктүү форма, кайрымдуулук кутучаларын бекитүү жана ачууну комиссия менен биргеликте белгилүү тартипте уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү.


Аталган иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулашим Ормонов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын Баткен облусундагы мүчөсү Гайбулла Шооруков, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Лейлек районундагы мечиттердин имамдары катышты.


Жыйында Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Раззаков шаарындагы жана айыл аймактарындагы мечиттерде бир убакытта бирдиктүү азан айтуу, райондун бардык мечиттеринин имамдары намаз учурунда бирдей бирдиктүү формаларын кийүүсү, райондун бардык мечиттериндеги кайрымдуулук кутучаларын бекитүү жана ачууну комиссия менен биргеликте белгилүү бир тартипте уюштуруу боюнча сунуштарды жана тапшырмаларды берди.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын Баткен облусундагы мүчөсү Гайбулла Шооруков КМДБнын БТКсынын жобосу боюнча айрым маселелерге тиешелүү маалыматтар менен бөлүштү.
Жыйында имамдардын ар кандай суроолоруна жооптор берилип, сунуш-пикирлери кабыл алынып, жогоруда аталган 3 маселе боюнча чечимдер кабыл алынып, бирдей тартипте аткаруу боюнча макулдашылды.

Аталган иш-чара  Лейлек райондук хатибиятынын демилгеси, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын борбордук текшерүү комиссиясынын Баткен облусундагы мүчөсү менен кызматташтыкта өткөрүлдү.