ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ТИРИЛҮҮГӨ ЫЙМАН

Баъс сөздүктө «жөнөтүү», «тирилтүү» деген маанилерге келип, терминологияда «өлгөндөн кийин тирилүү» дегенди туюнтат. «Баъсу баъдал-маут» же «өлгөндөн кийин тирилүү» ыйман негиздеринен. Бул ишеним өз кезегинде акырет ишениминин негизин түзөт.[1] Темага киришерден алдын өлүм акыйкаты жөнүндө сөз кылган туура.

Ыйык Куранда өлүмдүн ак (хакк) экени ачык айтылат:

كُلُّ نَفۡسٖ ذَآئِقَةُ ٱلۡمَوۡتِۗ وَنَبۡلُوكُم بِٱلشَّرِّ وَٱلۡخَيۡرِ فِتۡنَةٗۖ وَإِلَيۡنَا تُرۡجَعُونَ (35)

«Ар бир жан ээси өлүмдүн даамын татат»

(Анбия, 35)

Албетте, өлүмдү укканда көп адамды коркуу басат. Чын-чынында өлүм коркунучтуу нерсе эмес, бир күнү келип бизди таба турган нерсе. Андыктан андан коркпой, тескерисинче кичи кыяматка (өлүмгө) даяр болуп жашаган жакшы. Азирети пайгамбарыбыз (с.а.в.) өлүм жөнүндө көп ойлонуп, ага даярдык көргөндөрдү алкаган.[2]

Ырасында эле адамдын табиятындагы өлүмдөн коркуунун себептери бар. Акырет жашоосуна ишенбеген адамдар бүт нерсе ушул дүйнө менен жок болот деп билгендиктен, мындай (ыймансыз) адамдар үчүн өлүм өтө чоң коркунуч, белгисиздик, жок болуу, стресс жана депрессия. Ал эми ыймандуулардын ичинен корккондор – дүйнөнү сүйгөндөр, чыныгы жашоого даярдыгы жоктор (же аздар) жана ибадаттары кемчиликтүүлөр. Ошондой эле оюн-күлкүгө, жыргалчылык-ыракаттарга жакындар да өлүмдөн коркушат.

عَنْ أَسْمَاءَ بِنْتِ عُمَيْسٍ الْخَثْعَمِيَّةِ قَالَتْ:سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ (صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمْ) يَقُولُ:

“…بِئْسَ الْعَبْدُ عَبْدٌ سَهَى وَلَهَى وَنَسِىَ الْمَقَابِرَ وَالْبِلَى بِئْسَ الْعَبْدُ عَبْدٌ عَتَا وَطَغَى وَنَسِيَ الْمُبْتَدَا وَالْمُنْتَهَى…”

Асма бинти Умайс ал-Хашамиййанын укканы боюнча, Алланын элчиси мындай дейт: «…(Капилетке) түшкөн, күлүп-ойногон, кабырларды жана жер алдында чирүүнү унуткан кул кандай гана бактысыз. Бузулган, чектен ашкан, кайдан келгенин жана кайда барарын унуткан кул кандай гана бактысыз!..»[3]

Өлүм – бул ак (арабча хакк). Өлүмдөн кийин тирилүү да хакк. Ата-баларыбыз «Аманат жанга өлүм ак, ажал-өлүм кайда жок, ашыккан иште пайда жок» деп таамай айткан.

Молдо Кылыч казалдарында өлүм акыйкаты боюнча:

«Бул дүйнөнүн четинен

Бул дүйнөнүн белгиси:

Ай менен күн, жылдызы,

Жети асман, кара жер

Жаркыраган күндүзү.

Адам ата, Обо эне

Шондон бери белгиси

Өлүп келет ыйлачы

Нечен түмөн миң киши

Пайгамбарлар баары өлдү,

Падышалар, кан өлдү.

Нечен азиз пенделер

Бул жалгандан жөнөлдү», – дейт. Акын «Зар заман» аттуу атактуу чыгармасында:

«Туулгандын баарына,

Ажал өлүм угулду.

Буйрук болсо Алладан

Биз да бир күн өлөбүз

Жакшылык менен жамандык,

Жазуубуздан көрөбүз», – деп ислам акыйкатын таамай айткан. Ал эми Калыгул олуя:

«Чырпыгың сынса талыңдан

Чынар болбойт ал кайтып.

Чындап ажал келген соң,

Чыккан жан келбейт ал кайтып.

Өткөн өмүр – качкан куш,

Колуңа келбейт ал кайтып», – дейт санат ырларында.

Адамзаттын өтө көпчүлүгү өлүмдөн кийин тирилүүгө ынанышкан. Айталы, байыркы Грецияда, байыркы Египетте, жөөттөрдө, христиандарда, түркий элдердин исламга чейинки ишениминде, мажусийлерде ж.б. өлүмдөн кийин тирилүү бар.

Ал эми атеисттер өлүмдөн кийинки тирилүүгө ынанышпайт. Жахилия доорундагы арабдар да өлүмдөн кийинки тирилүүгө ынанышкан эмес. Албетте, алардын арасында Азирети Ибрахимдин динине таандык ханифтер болгон, бирок алар абдан аз эле. Ушул себептүү Алла Таала тарабынан Мухаммедге (с.а.в.) жөнөтүлө баштаган Курандын Мекке сүрөлөрүндө акырет жашоосу терең баяндалган. Жалган дүйнөнүн азгырыгына арбалган материалист арабдарга багытталган Меккий сүрөлөр эскертүүчү, акыйкатка чакыруучу, өтө даанышмандык жана теңдешсиздик менен түшүрүлгөн. Бул аяттар жалпы адамзатына ак чакырык.

Алла Таала Куранда өлүмдөн кийин тирилүүнү ачык билдирген.

مَّا خَلۡقُكُمۡ وَلَا بَعۡثُكُمۡ إِلَّا كَنَفۡسٖ وَٰحِدَةٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ (28)

«Силердин жаралууңар жана кайра тирилүүңөр бир жанды тирилткен сыяктуу эле. Акыйкатта, Алла – Угуучу, Көрүүчү»

(Лукман, 28).

Инсан жана чөйрөсүндөгү нерселер, окуялар Алланын айкын далилдери катары кандай айтылса, акырет да дал ошондой айкын баяндалат. Себеби, Аллага ыйман менен акыретке ыймандын ортосунда терең байланыш бар. Аллага ыйман ишенимдин башаты болсо, акыретке ыйман ишенимдин соңу. Аллага жана акыретке ишенген адам башка ишеним негиздерине оңой жана күмөнсүз эле ыйман келтирет. Дал ушул себептүү Алла Таала Куранда адам баласы түшүнө ала турган, акыреттин бар экенин аң-сезимдүү түрдө кабылдай ала турган даражада ачык далилдер менен акыретти, өлүмдөн кийинки тирилүүнү баян кылган.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمۡ فِي رَيۡبٖ مِّنَ ٱلۡبَعۡثِ فَإِنَّا خَلَقۡنَٰكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ مِن مُّضۡغَةٖ مُّخَلَّقَةٖ وَغَيۡرِ مُخَلَّقَةٖ لِّنُبَيِّنَ لَكُمۡۚ وَنُقِرُّ فِي ٱلۡأَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى ثُمَّ نُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡلَا يَعۡلَمَ مِنۢ بَعۡدِ عِلۡمٖ شَيۡـٔٗاۚ وَتَرَى ٱلۡأَرۡضَ هَامِدَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡ وَأَنۢبَتَتۡ مِن كُلِّ زَوۡجِۭ بَهِيجٖ (5)

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّهُۥ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَأَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ (6)

وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَأَنَّ ٱللَّهَ يَبۡعَثُ مَن فِي ٱلۡقُبُورِ (7)

«Эй, адамдар! Эгер өлгөндөн кийин тирилүүдөн шектенсеңер, албетте биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан[4], анан уюган кандан, түспөлдүү-түспөлсүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудиретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип, жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин коюп коёбуз. Анан бөбөк кылып чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кай бирлериңер ар нерсени билгенден кийин, эч нерсени билбей турган өмүрдүн начарлыгына кайтарыласыңар. Куураган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт[5].

Чындыгында булар[6] – Алланынын Акыйкаттыгынан. Албетте, Ал өлүктү тирилтет. Анткени, Ал бүт нерсеге Кудиреттүү.

Албетте, Кыямат келет. Анда эч шек жок. Чындыгында, Алла мүрзөдөгүлөрдү тирилтет».

(Хажж, 5-7)

Бул куттуу аяттарда үч далил көзгө урунат: инсан, топурак жана суу. Адамдын жаратылышы жана өөрчүшүнүн так, таамай баяндалышы пенденин Аллага жана акырет күнүнө байланып, аны тастыктоосуна өтө жакындатат жана негиздүү далил болуп берет. Анткени адам баласы өзү аралаша албай туруп жаратылат. Өзү аралаша албай же таасир этпестен төрөлөт. Чоңоюшу, карышы жана өлүшү да эркинен сырткары болот (автономдуу процесс). Алланын бар экенине жана акыреттин ак экенине мындан да ачык далил болушу мүмкүнбү?!

Адам баласы жердин эч нерсе өспөгөн купкургак маалында асмандан суу түшүшү менен жанданып, жашоо үчүн ага эмнелер даярдалып сунулганына ар дайым күбө болот. Бүткүл бул кубулуштарга адам баласынын эч бир тиешеси жок. Демек булардын баары Алланын жана Ал убада кылган тирилүүнүн эң айкын акылдык далилдеринен. Адам баласы жоктон бар болгонун эстеп, ой калчашы керек. Жок абалдан бар болгон инсан кайра экинчи жолу кантип жаратыла албасын?! Алла Таала бул абалды инсанга мындайча түшүндүрөт:

وَيَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوۡفَ أُخۡرَجُ حَيًّا (66)

أَوَ لَا يَذۡكُرُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ يَكُ شَيۡـٔٗا (67)

«Инсан: “Мен өлгөндөн соң кайра жакында тирилемби?” – деп сурайт.

Инсан Биз аны мурун жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?!»

(Марям, 66-67)[7]

Инсандын жаратылыш фазалары башка сүрөдө мындайча баяндалат:

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ (12)

ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ (13)

ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ (14)

ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ (15)

ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تُبۡعَثُونَ (16)

«Биз инсанды тандалма чоподон жараттык.

Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык.

Андан соң тамчыдан уюган кан жараттык, уйуган кандан бир үзүм этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыктысы Алла улук болду!

Андан соң силердин өлөрүңөр анык.

Андан соң Кыямат күнүндө тирилтилесиңер»

(Муминун, 12-16)

Бул куттуу аяттарда инсандын жаратылыш фазалары көз алдыга элестелип, ал боюнча ой жүгүртүү кааланат. Акыл даргөйү мыкты, логикалуу жана эрктүү инсан бул жараяндар жөнүндө толгонуп, Аллага жана Анын акыретине оңой эле ишене алат. Бирок каршы чыгуу, четке кагуу жана каапырлыкты тандап алган киши баары бир ишенбейт.

Ыйык Куранда өлгөндөн кийин тирилүүгө абдан көп далилдер бар. Алгачкы жаралууну кабыл алгандар үчүн экинчи жаралууну, тактап айтканда өлгөндөн кийин тирилүүнү кабыл алуусу жеңил.

وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ (27)

«Ал жоктон бар кылып, анан кайра жаратат. Бул Ага оңой. Асмандар менен жердеги эң бийик мисалдар – Ага гана таандык. Ал – Ызааттуу, Даанышман!»

(Рум, 27).

Өлгөндөн кийин тирилүүгө ишенбеген адамдар дайыма тескериленип, бул дүйнө жашоосунан кийин жашоо жок деп ойлойт.

وَقَالُواْ مَا هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا يُهۡلِكُنَآ إِلَّا ٱلدَّهۡرُۚ وَمَا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِنۡ هُمۡ إِلَّا يَظُنُّونَ (24)

 وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ مَّا كَانَ حُجَّتَهُمۡ إِلَّآ أَن قَالُواْ ٱئۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ (25)

 قُلِ ٱللَّهُ يُحۡيِيكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يَجۡمَعُكُمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا رَيۡبَ فِيهِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ (26)

“Алар: “Жашообуз – ушул гана дүйнөдө. Өлөбүз, өмүр сүрөбүз. Бизди мезгил гана өлтүрөт”, – дешет. Чындыгында, алардын буга байланыштуу[8] маалыматы жок. Алардыкы болжол гана.

Аларга аяттарыбыз түшүнүктүү кылынып окулган кезде: “Эгер сөздөрүңөр чын болсо, ата-бабаларыбызды тирилтип, алып келгилечи кана!” – дештен башка далилдери болбойт.

(Сен): “Силерди тирилтет, анан өлтүрөт. Анан кайра силерди шексиз болуучу Кыямат күнү жыйнайт. Бирок адамдардын көбү (муну) билишпейт”, – деп айткын[9]

(Жаасия, 24-26).

         Инсандардын айрымдары акырет жөнүндө ар демелерди сүйлөп, ар кандай далилсиз жана негизсиз сөздөр менен өлгөндөн кийин тирилүүнү жана акыретти жокко чыгарууну каалашат. Ал тургай бул үчүн пикир келишпестик жаратып, акыретке ыйман келтиргендерге душмандык күтүшөт. Бирок Алланын убадасы акыйкат. Кыямат сөзсүз болот жана акыретке ишенбегендер өздөрүн улуу эсеп-кысап күндөн табышат… Ыйык Куранда өлгөндөн соң тирилүүнүн акыйкат экенин көрсөткөн тарыхый далилдер бар:

         1) Өлгөн жана дене бөлүктөрү быркырап бөлүнүп, бири-бирине аралашып кеткен өлүүлөрдүн тирилтилери Ыйык Куранда ачык баяндалган. Азирети Ибрахим Алла Тааладан тилегенде жүзөгө ашкан тирилтүү мындайча баяндалат:

وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِـۧمُ رَبِّ أَرِنِي كَيۡفَ تُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰۖ قَالَ أَوَ لَمۡ تُؤۡمِنۖ قَالَ بَلَىٰ وَلَٰكِن لِّيَطۡمَئِنَّ قَلۡبِيۖ قَالَ فَخُذۡ أَرۡبَعَةٗ مِّنَ ٱلطَّيۡرِ فَصُرۡهُنَّ إِلَيۡكَ ثُمَّ ٱجۡعَلۡ عَلَىٰ كُلِّ جَبَلٖ مِّنۡهُنَّ جُزۡءٗا ثُمَّ ٱدۡعُهُنَّ يَأۡتِينَكَ سَعۡيٗاۚ وَٱعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ (260)

«Ибрахим: «Эгем, өлүктү кантип тирилтесиң? Мага көргөзчү» — деген учурда, (Алла) айтты: «Ишенбейсиңби?». (Ибрахим) айтты: Албетте (ишенем), бирок жүрөгүмдүн тынчтануусу үчүн (билгим келет). (Алла)  айтты: «Канаттуулардан төрттү алып (союп), этин аралаштырып, ар бир тоого алардын (этинен) бирден үзүм ташта. Андан кийин аларды чакыр. Алар сага дароо (жетип) келишет. Билгин: Чындыгында Алла – Мартабалуу, Даанышман»

(Бакара, 260).

Ошентип төрт түрдүү куш өлтүрүлүп, денелери бөлүнүп, аралаштырылып, алар ар-ар жерге ташталгандан кийин Алла Таала тарабынан тирилтилет. Улуу жана Кудиреттүү болгон Алла Таала үчүн бул өтө жеңил жана опоңой нерсе эмспи.

2) Бөлүнүп кеткен жана чирий элек өлүктөрдүн да тирилтилиши жөнүндө Куранда ибаара бар.

وَإِذۡ قُلۡتُمۡ يَٰمُوسَىٰ لَن نُّؤۡمِنَ لَكَ حَتَّىٰ نَرَى ٱللَّهَ جَهۡرَةٗ فَأَخَذَتۡكُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ (55)

ثُمَّ بَعَثۡنَٰكُم مِّنۢ بَعۡدِ مَوۡتِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ (56)

“Силер[10]: “Эй, Муса! Биз Алланы ачык көрмөйүнчө сага ишенбейбиз” – дедиңер. Силерди, карап турган абалыңарда чагылган урду.

Анан Биз силерди өлгөнүңөрдөн кийин тирилттик.[11] Мүмкүн шүгүр кыларсыңар”

(Бакара, 55-56)

Алла Таланы ачык көргүлөрү келген инсандарды (Анын бар экенинин далили болгон) чагылгандын урушу менен өлүп, андан кийин жана да (Анын белгилеринен болгон тирилтүү менен) тирилтилиши тарыхта болуп өткөн. Башкача айтканда, баъстын тарыхый өрнөгү.

3) Эттери төгүлүп, сөөктөрү чирип кеткендер да тирилтилгени Куранда баяндалат.

أَوۡ كَٱلَّذِي مَرَّ عَلَىٰ قَرۡيَةٖ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّىٰ يُحۡيِۦ هَٰذِهِ ٱللَّهُ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۖ فَأَمَاتَهُ ٱللَّهُ مِاْئَةَ عَامٖ ثُمَّ بَعَثَهُۥۖ قَالَ كَمۡ لَبِثۡتَۖ قَالَ لَبِثۡتُ يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖۖ قَالَ بَل لَّبِثۡتَ مِاْئَةَ عَامٖ فَٱنظُرۡ إِلَىٰ طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمۡ يَتَسَنَّهۡۖ وَٱنظُرۡ إِلَىٰ حِمَارِكَ وَلِنَجۡعَلَكَ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِۖ وَٱنظُرۡ إِلَى ٱلۡعِظَامِ كَيۡفَ نُنشِزُهَا ثُمَّ نَكۡسُوهَا لَحۡمٗاۚ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُۥ قَالَ أَعۡلَمُ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ (259)

«Же чатырлары кулаган кыштактан өткөн (адамды) билесиңби?  «Буларды[12] өлгөн соң Алла кантип тирилтет?!» – деп ойлоду. Алла аны жүз жылга өлтүрүп, анан тирилтип: «Канча (убакыт) жаттың?!» – деп сурады. Ал: «Бир күн же жарым күн (гана жаттым)» – деди. (Алла): «Андай эмес! Сен жүз жыл (өлүп) жаттың. Тамагыңа, суусундугуңа бир көз салчы: өзгөргөн эмес.  Эшегиңди кара[13]… Сени адамдарга үлгү кылуу үчүн[14]. Сөөккө кара[15], анын сөөктөрүн (мына) кандай кураштырып, эт менен каптадык», деди[16].  Качан ага айкын болгондо[17] ал: «Билем, чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудиреттүү», – деди»

(Бакара, 259)

Аятта сөз болгон адамды кээ бирлер Аз. Узайр дешкен. Алар Узайр алейхи салам бош калган айылдан өтүп баратып өлгөндөн кийинки тирилүү кандай болорун ойлогондуктан, Алла Таала аны өлтүрүп кайра тирилтүү аркылуу жандуу далил көрсөткөнүн айтышат.

Демек, өлгөндөн кийин тирилүү – хакк. Алла Таала айрым пайгамбарлардын жүрөгүн канааттандыруу (мутмаин) үчүн бул дүйнөдө эле баъсты аларга жашаткан. Ал тургай өлгөндөн кийинки тирилүү деталдуу көрсөтүлгөн. Бул аяттарды негиз алып, өлгөндөн кийинки тирилүү рух менен дененин биригиши менен ишке ашары маалым болот. Ахли сүннөттүн көз карашы ушундай. Айрым философтор өлгөндөн кийинки тирилүү жана акырет жашоосу руханий абалда болот дешкен. Бирок бир катар Куран аяттары адамдын бул дүйнөдөгүдөй эле тирилерин баяндаган. Бул улуу баяндар жөнүндө жогоруда жетиштүү сөз кылынды.

Бул жашоо максаттуу жашоо. Биз жашап жаткан кең аалам жана анын ичинде Жер да максатсыз жаратылган эмес. Алла Таала Ыйык Куранда асмандар менен Жерди, алардын арасындагыларды оюн болсун үчүн жаратпаганын айткан.[18] Демек бул дүйнөдөгү жашоо – сыноо жашоосу. Алла Таала Куранда:

وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ (56)

“Мен жин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым”[19]

(Заарият, 56)

– деп бул дүйнөгө жаралуубуздагы негизги максатты айткан. Аяттагы «литаъбудуун» сөзү Алланын ыраазычылыгы үчүн намаз окуу, орозо тутуу, ибадат кылуу болгондой эле, эмгектенүү, муктаждарга жардам берүү, адилеттүү болуу, жамандыкка жана адилетсиздикке каршы чыгуу болуп саналат. Бул дүйнөнүн мааниси оо дүйнөдө, тагыраагы акыретте бакытка жетүү болуп эсептелет.[20] Андыктан бул өткүнчү дүйнөнүн жыргалчылык-ырахаттарына алданбай, түбөлүк жашоо болгон акыретти унутпай жашоо шарт.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ (5)

«Оо, адамдар! Алланын убадасы – акыйкат[21]. Ошондуктан бул дүйнө тиричилиги[22] силерди эч качан азгырбасын. Ошондой эле катуу азгыруучу[23] да силерди Алла тууралуу азгырбасын[24]»

(Фаатир, 5)

Өлүм бул дүйнө менен чын дүйнөнүн ортосундагы абал. Момун-мусулмандын өлүмдөн ашкере корккону туура эмес. Ошол эле учурда аманат берилген жандын кадыр-баркын билип, бул өмүрдү татыктуу сүрүп, Аллага жага тургандай жашоого умтулушу керек.

Андыктан өлүмдү эч качан эстен чыгарбай жашоо – туура. Бирок өлүмдүү каалоо, өлгүсү келүү – натуура. Кул өтө оор абалга түшкөндө да өлүмдү самабашы керек.

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ (رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ) قَالَ النَّبِيُّ (صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمْ) :

“لاَ يَتَمَنَّيَنَّ أَحَدُكُمُ الْمَوْتَ مِنْ ضُرٍّ أَصَابَهُ، فَإِنْ كَانَ لاَ بُدَّ فَاعِلاً فَلْيَقُلِ اللَّهُمَّ أَحْيِنِى مَا كَانَتِ الْحَيَاةُ خَيْرًا لِى، وَتَوَفَّنِى إِذَا كَانَتِ الْوَفَاةُ خَيْرًا لِى.”

Анас бин Маликтен (р.а.) айтылганына караганда, Азирети Пайгамбар (с.а.в.) мындай деген: «Эч бириңер башына түшкөн кыйынчылыктан улам өлүмдү каалабасын. Эгер сөзсүз каалай турган болсо, «Оо Алла Таалам, жашоо мен үчүн кайырдуу болсо мени жашат, агер өлүм мен үчүн кайырдуу болсо жанымды ал» десин.[25]

Жашоо деген сөз бул дүйнөгө да, акырет жашоосуна да өтүмдүү. Акырет – жашоонун финалы. Улуу даанышман Зат болгон Алла Таала акыретти убада кылгандыктан, ал бар! Ар бир пенде акыретке барганда эсеп-кысапка тартылат. Бул дүйнөдөгү жашоо образына жараша бейишке кирет же тозокко түшөт. Демек акыретке болгон ишеним ыймандуу адамга бул дүйнөдө жоопкерчилик, этияттуулук, жакшылык кылуу, берешен болуу, адилеттүү болуу сыпаттарын жүктөп, адамды адам бойдон сактоого өбөлгө түзөт.

Алла Таалам бизге бул жашоодо Өзү ыраазы болгондой жашап өтүүнү насип кылсын. Оомийн.

Самидин кары Атабаев,

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары


[1] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 458

[2] Ибн Маажа, Зухд 31

[3] Тирмизи, Салаатул-кыяама 17

[4] Бир тамчы урук суюктугунан

[5] Өндүрүп-өстүрүп  чыгарат

[6] жогоруда айтылган адамдын жаралышынан тарта, жерди тирилтүүгө чейинкилер баары

[7] Ушуга эле маанилеш ибаара Анбия сүрөсүнүн 104-аятында келтирилген.

[8] Өлүм менен кошо инсандын жашоосу толук бүтөбү, же жашоо чексизби, ал тууралуу…

[9] Алла Таала Мухаммедге (с.а.в.) кайрылууда

[10] Мусанын (а.с.) коомундагылар.

[11] Бул тууралуу айтылган кабарлар эки түрдүү: 1. Өлүмгө учурагандар кайра тирилген; 2. Эс-учун такыр жоготуп жатып калгандар кайрадан эсине келтирилген.

[12] Жер титирөөдө өлгөн адамдарды

[13] Сөөктөрү да чирип кеткен

[14] Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө

[15] Эшегиңдин сөөгүн

[16] Алла Таала анын көз алдында анын эшегин тирилтип берет

[17] Алланын өлүктү тирилтүү кудирети

[18] Духан, 38; Муъминун, 115

[19] Алла жин жана адамдарды Өзүнө сыйынуу үчүн гана жараткан.

[20] А. Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы», 138

[21] Сөзсүз аткарылат

[22] Анын азгырма кооздуктары, жалган сулуулуктары

[23] Шайтан

[24] «Алла кечиримдүү» , – деп алдап, күнөөлөрүңөрдү башыңардан ашырып жибербесин. Шайтан Тозокко баштайт.

[25] Бухари, Мардаа 19

(Сүрөттөр интернеттен алынды)