Кызыл-Кыядагы медреселерде ашпозчулук боюнча кошумча билим алган кыздар күч сынашты

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы медреселерде ашпозчу-кондитер кесиби боюнча кошумча билим алган студенттер арасында сынак өткөрүлдү. Сынакка Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев, медресе мүдүрүн милдетин аткарып жаткан Абдыкалык ажы Базарбаев, хатибият кызматкерлери жана мугалимдер катышты.

 «Медресе студенттеринин кондитердик азыктарды жасоо боюнча чеберчилигине өзгөчө баа бердим. Иш-чараны уюштурган медресе жамаатына, өзгөчө Абдыкалык ажы Базарбаевге ыраазычылык билдирем. Кошумча кесипке үйрөтүү бир жагынан алганда мыкты жасалган адал тамак-аш азыктарын чыгарганга шарт түзөт. Анткени өзүбүздө билим алган балдар деле тышка чыгып тамак-аш сатып алып турушчу. Экинчиден, ошол азыктар жасалган жерде кыздарыбыз тамак жасоонун түрлөрүн үйрөнүп алышса болот», – деди Ниймат ажы Топчиев.

Баш имам-хатибдин атымында, “Азирети Усман” медресесинде кулинария багытында кошумча сабак окутулуп, кондитердик азыктарды жасоо боюнча кошумча кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Студенттердин чеберчилигин арттыруу максатында сынак уюштурулган. Медресе жамааты келечекте продукцияларды сапаттуу кылып даярдап, элге сатыкка чыгарсак деген максат коюшууда.