Балтабай айылынын жаштары айыл имамына умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл өкмөтүнө караштуу Балтабай айылынын жаштары аталган айылдын имамы Ырысбай Асакеевге көп жылдан бери айыл үчүн аткарган эмгегин баалап, ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо белек кылышты. 

Айыл жаштары чогулткан жалпы акча 166 600 сомду түзүп айыл имамына тапшырышты.

«Эмгегибизди баалап, белек кылган жамаатыма, айылдаштарыма ыраазычылык билдирем. Кызматыбыз Жараткандын ыраазычылыгы үчүн. Элибизде тынчтык, өнүгүү жана жакшы жаңылыктар көп болсун», – деди Ырысбай Асакеев.    

Айыл жаштары жолдомону имамга тапшырып жатып, сапары байсалдуу болушун, аман-эсен барып келишин, бардык  каалоо-тилек, дубалары кабыл болушун каалашты.

Ал эми имам айылдаштарына ден соолук, ыйман, ырыскы, ынтымак каалап, алар үчүн ыйык жайларда дуба кыларын айтты.