Ноокатта дин кызматкерлерине «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү

Бүгүн, 25-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун жалпы имамдарына «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлүп, ийгиликтүү өткөндөргө сыйлуу байгелер тапшырылды.

1-орунду «Таксыр» мечитинин имам-хатиби Абдурахим Рузмаматов ээлеп тай утса, 2- орунга «Насирали» мечитинин имам-хатиби Анваржан Мухаммаджан уулу чыгып торпок утту. Ал эми Уч-Бай мечитинин имам-хатиби Бакытбек Абдыбеков 3-орунду ээлеп, байгеге коюлган койду илип кетти. Ошондой эле 4-5- орундарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Буга чейин өлкөбүздө Куран окуу же азан айтуу сыяктуу жарыштар өткөрүлүп келген. Көптөн бери фикх боюнча жарыш өткөрүүнү максат кылып жүргөн элек. Мына бүгүн алгачкы жолу Ноокат районунда өткөрүлүп жатат. Бул саамалык дин кызматкерлери үчүн аябай пайдалуу болот деген ишеничтебиз. Буйруса мындай сынакты Алай районунда дагы өткөрүү пландалган. Ал эми облус боюнча өткөрүү үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Айта кетсек, баш байгелер жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан каржыланганын хатибияттан билдиришти.

«Сынак өткөрүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүп турган жергиликтүү демөөрчүлөрдөн жана уюштуруу иштеринде күн-түн дебестен, кызмат кылгандардын баарынан Аллахым ыраазы болсун. Бул иш-чара аркылуу имамдарыбыздын диний сабаттуулугун жогорулатууда бир топ натыйжаларга ээ болобуз», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.