Баткен казыятынын кызматкерлери «УТРК Баткен» телеканалынын жетекчиси менен жолугушту

Баткен казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдакмад ажы Аппазов жана казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев УТРК Баткен телеканалынын жетекчиси Мамажан Бердишев менен жолугушту.

Жыйында казыят адистери коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда массалык маалымат каражатынын орду чоң экенин белгилеп, бул жаатта бир топ жылдан бери Баткен казыяты менен тыгыз  кызматташып келген УТРК Баткен облустук телеканалынын салымы эбегейсиз экендигин белгилешти.

Жолугушууда жума сайын эфирге чыгып жаткан “Ислам маданияты” берүүсүнүн жылдык планы бекитилди.

Мамажан Бердишев Баткен казыяты менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирип, Баткен казыяты менен облустук «Баткен ТВ» телеканалы бир топ жылдан бери “Ислам маданияты” берүүсүн  жума сайын эфирге чагылдырып келгендигин айтып, кызматташууну жандандырууда облус казысынын сунушун колдоорун айтты.

Жолугушуунун соңунда келе жаткан ыйык Рамазан айына карата атайын эфирлерди уюштуруу сунушу айтылып, эки тараптуу макулдашылды.