Эмирлан ажы Бообеков: «Ар бир мечит курула башталганда эле, тиешелүү документтери да параллелдүү бүткөрүлүшү зарыл»

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургундары менен жолугушуп, «Шамаке Асан молдо» атындагы мечиттин эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн тапшырып, эми мыйзамдуу түрдө ишмердик жүргүзө баштоону айтып өттү.

«Мечит бүткөндөн кийин, тиешелүү документтерин даярдоону баштабастан, мечиттин курулушу менен параллелдүү түрдө тиешелүү документтери бүткөрүлүшү зарыл. Мамлекет дин эркиндигин берип жаткан соң, тиешелүү мыйзамдарга ылайык курулуп жаткан мечиттерди каттоодон өткөрүү биздин милдетибиз. Тиешелүү документтерди даярдап, каттоодон өткөрүүдө салым кошкондордон Аллахым ыраазы болсун. Мечиттиңиздер эл менен толуп турсун», – деди Эмирлан ажы Бообеков.

Ошондой эле мечитке чогулган элге ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча биримдикте иш алып барууну айтып, мал-мүлктү жакшылык иштерге сарптоого чакырды.

«Куранда Алла Таала «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жактырбайт» деп айткан. Ошондуктан той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарында ашыкча чыгымдарды жок кылуубуз керек. Ысырап болгон жерде жакырчылык пайда болот», – деп баса белгиледи.