Баткен казыятынын кызматкерлери КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан сыйланышты

Баткен облусунун аймагында 2023-жылдын жыйынтыгы менен кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен ийгиликтери үчүн Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдахмад ажы Аппазов менен казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёевге Презденттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор Алимбаев Абдикарим Карбековичтин сыйлыктары  тапшырылды.

Сыйлыкты Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев тапшырып жатып, өз милдеттерин так аткарууда, элди туура багытка үндөөдө, адептүүлүккө чакырууда жана  ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн дин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ал эми казыят адистери өкүлчүлүктүн эмгек жамаатынын иштерине ийгилик каалап, колдоосу  үчүн ыракматын айтып, сыйлык  мындан аркы жетишкендиктерге жетүү үчүн стимул болуп берерин белгилешти.