Баткенде «Салам сага, Пайгамбарым» аттуу ыйман кечеси өткөрүлдү

Баткен шаарында «Салам сага, пайгамбарым» деген аталышта ыйман кечеси болуп өттү. Саамалык Баткен облустук казыяты тарабынан уюштурулуп, ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана дин насаатчысы Бактыяр ажы Шараповдун катышты. 

Иш-чаранын соңунда бир айлык уюштурулган пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават айтуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, умра сапарынын жеңүүчүсү аныкталды. Ага ылайык, Баткен районунун Рават айылынын 22 жаштагы тургуну Гульнур Эмилбек кызы салават сынагынын эң башкы сыйлыгы умра сапарына жолдомо утту. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан салават айтуу сынагына активдүү катышкан катышуучуларга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

“Республика боюнча 420 аял салават жарышына катышты. “Атын атаса куту сүйүнөт” дейт. Ушул иш-чаранын уюштуруучулары Уулкан Дүйшөева, Роза Арзибаева устазаларга жана колдоо көрсөткөндөргө  ыраазычылык билдиребиз”, – деди Муса ажы Жолдошов.