Араван районунда 2024-жылы ажылыкка баруучуларды группаларга бөлүштүрүп, ажы башчылары менен тааныштырылды

Кечээ, 24-февраль күнү Араван районунун борбордук мечитинде Араван районунун хатибияты тарабынан райондогу 2024-жылы ажылык сапарына барууга аттанган зыяратчыларга жыйын өткөрүлдү. 

Жыйындын жүрүшүндө ыйык ажылык сапарына аттанган зыяратчыларды группаларга бөлүп, ажы башчылары менен тааныштырылды. Жыйын Куран Карим окуу менен башталып, ажылык сапарына даярдануу иштерин жеңил болушу үчүн дуба кылынды.

«Бул ажылык амалы исламдагы беш амалдын эң акыркысы. Ким бул амалды аткарган  болсо ал адам динде толук болот. Ошондуктан ажыдан келгенден кийин ал адам ар амалында исламды, мусулманчылыкты өзүндө көрсөтүп турушу керек”, – деди Умарали ажы Муратов.

Эскерте кетсек, Араван районунан 256 адам ажылыкка тапшырып, анын 229 у ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган. Араван районунан ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды 5 ажы башчы жетектеп барат.