«Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун»

«Ээси келсе бээсин бер» деп айтылат эмеспи. Ошол себептен ар бир ишти өзүнүн устасы аткарганы жакшы. Анткени иштин көзүн билген майын чыгара аткарат. Ал нерсе өзүнө да, башкаларга да пайдалуу болот. Мыкты адис болуп, өзүнүн кесибин сүйүп аткарган адам болуу үчүн эмне кылуу керек? Бул маселе жөн жерден чыкпайт. Адам баласы эки нерсени тандоодо шашпашы керек.

Алар: Өмүрлүк жар жана кесип.

Анткени ал экөө менен өмүр бою чогуу болот. Ошого жараша жашоосу оң же терс тарапка бурулуусу күтүлөт. Албетте «ар бир кесип ардактуу». «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, көптөгөн кесиптерди өздөштүрүү мүмкүн. Бирок алардын ичинен адамдын жөндөмүнө жараша мыкты алып кете алган кесибин аңдай алуусу керек.

Адамдын өзүнө болгон ишеними ар бир ишти аткарууда ага күч берип, бат үйрөнүп кетүүсүнө жардам берет. Бирок көпчүлүк учурда эптеп үйрөнсө болот деген маселеден алыс болушубуз керек. Болбосо бул көйгөй башкаларга да зыян жеткирип коюусу мүмкүн. Эгерде ашпозчу начар болсо, тамактын даамы качат. Бул азык-түлүктүн ысырап болуусуна алып келет. Ал эми кудай сактасын, даарыгер начар болсо, бир адамдын өмүрү коркунучта калат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мута согушуна бара жаткан аскерлерге башчы дайындоодо: «Зайд аскер башчы болсун. Ал шейит кетсе, Жафар болсун. Ал да шейит кетсе Абдулла болсун. Эгер ал да шейит кетсе, анда мусулмандардын арасынан ылайыктуу бирөө тандалып колбашчы болсун« деп айткан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, согуш учурунда аталган аскер башчылар биринин артынан бири шейит кетишкенде, ислам туусун Сабит бин Аркам алып, «аскер башчы дайындап алалы» деп аскерлерге билдирет. Аскерлер, «Сабит бин Аркам, сен аскер башчы бол, сага баш иели» деп айтышканына карабастан, мага караганда Халид бин Валид татыктуу деп, тууну Халидге карматат. Аскерлердин баары Халиддин согуш тактикаларын мыкты билген адам катары таанышкандыктан, бир добуштан макул болушкан. Туу өз ээсин тапкандыгы натыйжа берип, мусулмандар сан жагынан өтө аз болсо да, согушта жеңилбестен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк табышат.

Бул жердеги тарых тастыктап турган жагдайды айта турган болсок, өзүнө караганда, башка татыктуу адамды көрө билүүнү үйрөнүүбүз керектигин билдирип турат. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын четке кагып, иштин жүрүшү үчүн татыктууларды дайындоону үйрөнөлү.

Дагы бир мисал катары Зайд бин Сабитти (р.а.) айта турган болсок, ал Пайгамбарыбыздын жанында жүрүп, вахий хатибдеринен болгон. Кийинчерээк Абу Бакр (р.а.) халифалык доорунда аны Курандын мусхаф абалына келтирүү иштеринде түзүлгөн топко жетекчилик кылган. Усман (р.а.) доорунда Куранды нускаларга көбөйтүүдө да маанилүү роль ойногон. Мындайча айтканда, ал өз ишин мыкты аткаргандыгы үчүн тарыхтагы маанилүү иштерге себепчи болгон.

Бул сыяктуу жагдайлар өтө көп кездешет. Биз алардан үлгү алып, аткарып жаткан ишибизди дагы да жакшыртуубуз керектелет. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн ар бир адам өз милдеттерин так аткаруусу кажет.

Ал эми учурдагы тааныш-билиш аркылуу кызматка орношуу боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир күнү сахабаларына: «Менден кийин тааныш-билиш салууларды жана силерге жакпаган нерселерди көрөсүңөр» деп айтканда, сахабалар: «Оо Алланын элчиси! Арабыздан ошол күндөрдү көрө турган кишилерге кандай кеңеш бересиз?» деп сурашкан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Милдеттериңерди так аткарасыңар, акыңар болгон нерселердин силерге берилүүсүн Алладан сурайсыңар» деп жооп берген.

Эч кандай тааныш-билиш кылбастан, өз ишибизди мыкты деңгээлде аткарып, сыйлыгын Аллахтан үмүт кылалы. Аллахым баарыбызга татыктуу жашоону насип кылсын.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу

Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын маалымат адиси