Кызыл-Суунун жаштары айыл имамына жана жубайына умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын жаштары Кызыл-Суу борбордук мечитинин имамы Максат Байтиковго жана анын жубайына ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо тапшырышты.

Жолдомо тапшыруу иш-чарасына райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, айыл жаштарынын имамдын эмгегин баалап, белек менен сыйлаганы чоң сыймык экенин белгилеп, демилгечилерге терең ыраазычылыгын билдирди. 

Баш имам-хатибдин айтымында, өткөн жылы Кызыл-Суу айылындагы мекемелердин арасында жыл ичи уюштурулган “Кызыл-Суу — менин таза айылым” аттуу кароо-сынак уюштурулуп, “Кызыл-Суу” борбордук мечити жеңүүчү деп табылган. Бул сыйлыкка ээ болууда имам Максат Байтиковдун эмгеги зор экенин кошумчалады.