Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы ажылык иштеринен кабар алды

Бүгүн, 23-февраль күнү Ажылык иштеринин Ош облусу боюнча жооптуу куратору Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районунун ажылык иштеринен кабар алып, ажы башчыларга бөлүп берүү иштерин тездетүү боюнча тапшырма берди.

«Ажы башчыларга бөлүп берүүнү тездетип, тиешелүү эреже-тартиптер боюнча сабактарды жүргүзүү керек. Ар бир ажы башчы жоопкерчиликти сезип, өз ишин мыкты деңгээлде аткарышы кажет», — деди Алибек ажы Жусупов.

Айта кетсек, Кара-Суу районунан ыйык ажылыкка аттанган зыяратчыларды 14 ажы башчы жетектеп барат.