Ат-Башыда атын атагысы келбеген демөөрчү муктаж өспүрүмдөргө кубаныч тартуулады

Иллюстрациялык сүрөт

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Ой-Терскен жана К.Мамбеталиев атындагы орто мектептериндеги аз камсыз болгон 45 окуучуга кайрымдуулук кылынды. Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Ат-Башы районунун баш имам-хатибинин орун басары Мирбек Кулматов 45 окуучуга жазгы спорттук бут кийимдерди таратты.

«Буюрса силер да жетилип, кези келгенде муктаж адамдарга кол суна турган чыгаан инсандардан болушуңарга ишенем. Анүчүн окууңарды жакшы окуп, ата-энеңерди, агай-эжеңерди уккан ыймандуу, билимдүү инсан болуп эрезеге жетишиңер керек», — деди Мирбек Кулматов.

Баш имам-хатибдин орун басарынын айтымында, мына ушундай жакшылыкка себепкер болгон, аты аталбашын суранган демөөрчү Ат-Башы райондук хатибиятына ыраазычылыгын билдирип, дагы да биргеликте кызматташарын билдирген.