Ош шаардык казыятынын жамааты «Салахидин Эшан» институтун зыярат кылды

Бүгүн, 23-февраль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын жамааты “Салахидин Эшан” институтун зыярат кылышты. Зыяраттын жүрүшүндө «Салахидин Эшан» институту мекемени жана ДОЖдун 2024-жылдагы иш планы менен тааныштырды.

Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков баштаган казыят аппараты студенттер менен жолугушуп, аларага акыл-насаат айтып, илим алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин жана институтту аяктагандан кийин багытты туура тандоонун зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле илим алган адамдын даражасы бийик болорун жана илим алган адамга периштелер канатын төшөп турарын айтып, устаздарды сыйлоонун артыкчылыктарына токтолушту.

Айта кетсек, 2-мартта өткөрүлчү конкурс (уландар үчүн) “Салахидин Эшан” институтунда диний окуу жайлар арасында өткөрүлөт.