Ош облустук казыяты 23-февралга карата өткөрүлгөн спорттук мелдешке активдүү катышты

Бүгүн, 22-февраль күнү Ош облустук казыятынын кызматкерлери экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын 33 жылдыгына арналып Ош шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин жабык аянтчасында өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча спорттук мелдешке активдүү катышты. Мелдештин башында Баткен окуясында курман болгон баатырларды эскерип, Куран окуп, дуба кылынды.

Аталган мелдешке катышкандар:

— Ош облустук казыяты
— Ош облустук администрациясы
— Ош ОИИБ
— ДИМК ТАБ, эксперттер
— Ош облустук прокуратурасы
— Ош облустук соту
— ТИМ
— Журналисттер
— ИИМдин ардагерлери

Айта кетсек, Ош облустук казыятынын курама командасына казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер, медресе мугалимдеринен түзүлгөн 30 жаштан жогорку болгон 10 дин кызматкери катышты.

Мелдештин жүрүшүндө Ош облустук казыяты ДИМК ТАБ, эксперттер, журналисттер жана ИИМдин ардагерлеринен түзүлгөн командалар менен беттешип, ийгиликтүү оюн көргөзүштү.