Баткен облусунун казысы аймактагы ажы башчылар менен жолугушту

Бүгүн, 22-февралда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров 2024-жылдагы ажылык сапарына аттанган аймактагы жарандарды коштоп баруучу ажы башчылар менен жолугушту.

Жолгушууда Нуридин ажы Мамасабиров ажы башчыларга ажыларды тейлөөдө жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү керектигин айтты. Муну менен катар республикалык штабга баш ийүү менен Сауд Арабия жана Ажылык министрлиги тарабынан чыгарылган мыйзам-эрежелерди сактап, алардын бекитип берген графигине жараша иш алып барууну милдеттендирди.

Ошондой эле ажылардын ден соолугуна көңүл буруп, алардын ал-абалынан кабар алып туруу менен ажылык ибадаттар боюнча сабактарды бат-баттан өткөрүүнү тапшырды.