Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Аламүдүн имамдары менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылындагы «Илшат» мечитинде облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков райондун имамдары менен жолугушуу өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Алсак:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу;
-КМДБнын №02-20 номурлуу тапшырмасын ишке ашыруу;
-Рамазан айына жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүү.

«Урматтуу имамдар, жогорудагы айтылган маселелерди элге жеткирүүдө жана аткарууда сиздердин ордуңуздар чоң. Эл ичиндеги ар түрдүү маселелерди тереңден билесиздер! Ар кандай мааракелерде жогоруда берилген тапшырмаларды элге жеткириңиздер», — деди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жыйында.