Ысык-Көлдө имамдардын билимин жогорулатуу курсунун кезектеги айлампасы аяктады

Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда облус имамдары үчүн уюштурулган окуу курсу аяктады. Облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков имамдардын билимин жогорулатуу курсун аяктап жаткандарга сертификат жана Ыйык Куран китебин тапшырды.

Казыяттан айтышынча, Сагындыковдун демилгеси менен имамдарга уюштурулуп жаткан курстун экинчи айлампасы аяктап, имамдардын билим деңгээли жогорулап, көптөгөн маалымат алышты.

Облус казысы имамдарга сертификат тапшырып жатып, илимдин баалуулугу, имамдын орду, адеби жана башка маселер боюнча сөз сүйлөдү.

«Имам деген сөздүн мааниси «алдыда» дегенди түшүндүрөт. Мааниси эле айтып тургандай, азыркы ааламдашкан заманда имам дайыма алдыда болушу шарт . Элдин басымдуу катмары азыр көп маселеде шариятка карап иш кылып калды. Ошондуктан имам дайыма изденип, билимин жогорулатып турушу керек. Изденүүдө, жаңы маалымат алууда имамдарыбызга көмөкчү бололу деген максатта курсту уюштуруп жатабыз», — деген казы имамдардын ишине ийгиликтерди каалап өттү.

Белгилей кетсек, кезектеги окуу курсунда ар бир хатибияттан бирден имам катышкан. Окууга катышкандар ыраазычылык билдирип, ушундай курстар көп болуп турса деген тилектерин билдиришти.