Нематулла ажы Жээнбеков «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу форумга катышып, баяндама жасады

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору О. Урмамбетовдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын уюштуруу жана күчөтүү максатында “Коопсуз өлкө — туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү. Аталган форумга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков да катышты.

Форумда облус казысы өлкөнүн тынчтыгы, элдин бейпилдиги үчүн кыргыз милициясынын ролу чоң экендигин баса белгилеп, дин кызматкерлери менен коопсуздук органдарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкка токтолду.

«Өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн өмүрүн тобокелге салып кызмат кылып жаткан ар бир кызматкерден Аллах Таалам ыраазы болсун! Сиз менен биз үчүн, өлкөбүз үчүн баарынан тынчтык маанилүү экендигин кечээги чек арадагы окуялар далилдеди. Демек бүгүнкү тынчтык үчүн Жаратканга шүгүр айтып, тынчтыктын баркына жетели. Биз, дин кызматкерлери, ар дайым сиздер менен тыгыз кызматташууга, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн чогуу аракет кылууга даярбыз. Бүгүнкү “Коопсуз өлкө — туруктуу келечек” аталышындагы форумдун ишине ийгилик каалайбыз», — деди.