Абсаттар ажы Эркинбеков: «Мектептер менен бирге иш алып баруу мезгил талабы»

Бүгүн, 21-февраль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков шаардагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинин  9-10-11 классынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда Абсаттар ажы Эркинбеков бүтүрүүчү каласстын окуучулары үчүн “Жашоодогу максат” деген темада баяндама жасады.

“Балдарым, өлкөнүн эртеңки келечеги силердин колуңарда. Ошондуктан жашоодогу максатыңарды туура коюп, терең билим алышыңар керек. Элибизде «билимдүүгө дүйнө жарык» деген кеп бекер айтылбаган. Ошондуктан агай-эжейлериңердин айткан акыл сөздөрүн угуп, билимдерин алып калгыла. Мындан сырткары өзүңөрдүн адебиңер менен башкаларга үлгү болгула. Ата-эне, бир туугандардын кадырын билип, алар менен урмат-сый мамиледе болгула. Мекенди сүйгүлө, анткени пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Мекенди сүйүү да ыймандан» деген. Жакшы окуп, жашоодо өз кесибиңерди туура тандагыла!” — деди өз лекциясынын соңунда.

Мектептин эмгек жамааты, окуучулар шаардын баш-имам хатибине өз ыраазычылыктарын билдирип, ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну сунушташты.

Эске салсак, бул демилге шаардын баш-имам хатиби тарабынан сунушталып, шаардык билим берүү мекемеси тарабынан колдоо тапкан. Ушул күндө Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинде жалпы 273 окуучу билим алат. Анда 18 окутуучу, 13 кенже кызматкер эмгектенет.