Тамга айылынын имамы мектеп окуучуларына баалуулуктар боюнча лекция окуду

Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык орто мектебинин 9-11-класстын окуучуларына Тамга айылынын имамы Азат Аширов өз өмүрүнө кол салуу, каракчылык, спирт ичимдиктеринин зыяны, исламда илимдин орду, ата-энеге, мугалимдерге жакшы мамиле кылуу жана экстремизм-терроризмдин жаңылыштыгы боюнча лекция өттү. 

«Улуу Жараткан Алла Тааланын эң биринчи берген буйругу «Оку!» деген сөзү болгон. Бул жөн жеринен айтылган жок. Илим алуу парз экенин пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) да белгилеп айткан. Андыктан илим алышыбыз керек», — деди айыл имамы.

Лекцияга Тамга айылынын өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча инспектору да катышты.