Баткен шаарында кыз-келиндер үчүн Куран жана ислам негиздери боюнча сабактар уюштурулду

Баткен казыятынын аялдар менен иштөө боюнча жооптуусу Уулкан Дүйшееванын көзөмөлү астында Баткен шаарындагы «Фаиза Аль-Харафи» шаарчасындагы аялдар үчүн Ислам негиздери жана Куран окууну үйрөнүү сабактары уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын алды окуп калышса, жаңыдан окуй баштаган кыз-келиндер араб тамгаларын үйрөнүшүүдө.

Аталган демилге облустук казыяттын демилгеси менен уюштурулуп, атайын устазалар билим беришүүдө.

“Биз эки айдан бери бул шаарчада атайын илим алууну каалган кыз-келиндер менен бирге сабак өтүп келебиз. Алардын кызыгуусу жакшы. Кызыгууларын дагы да арттыруу жана башка кыз-келиндерди тартуу максатында бүгүн “Таажы кийүү” кечесин өткөрдүк. Эжелердин алды Куранга түшүшкөн. Бул иш-чара Баткен хатибиятынын аялдар арасында сабаттуулукту жогорулатуу тапшырмасына ылайык ишке ашты. Алдыда ыйык орозо айларына чейин көптөгөн кыз-келиндер Куранга түшүп калышат”, – дейт Куран мугалими Бурулай Исраева.

Белгилей кетсек, «Фаиза Аль-Харафи» шаарчасында Баткен жана Лейлек райондорундагы аз камсыз болгон жана жалгыз бой энелерге үй берилип, учурда 100дөн ашуун үй-бүлө жашайт.