2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3750 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3750 (үч миң жети жүз элүү) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт.

Ажыга барууга 2000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2024-жылдын 27-февралынан 4-мартына (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин 2000$ АКШ доллардан калган 1750$ (миң жети жүз элүү) АКШ долларын төлөшү керек.