«Абдулла ибн Аббас» ислам институтунда кыргыз тили боюнча кошумча сабак киргизилди

Баткен облусунун Лейлек районуундагы «Абддулла ибн Аббас» ислам институтунда үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан тарып кыргыз тили сабагы киргизилди. Алгач иш кагаздар стили деген теманын алкагында ачык сабак уюштурулуп, сабактарды Гулназа Бердиярова өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ачык сабакка «Абдулла ибн Аббас» ислам институтунун ректору Кубатбек Абдыгапар уулу баштаган окутуучулар жана студенттер катышты. 

«Институтубузда кошумча сабактар өтүлүп, бүгүн жашооңорго керектүү сабак жана тажрыйба алдыңар деп ойлойм. Себеби азыр иш кагаздарын билбесеңер, анда эртең жашоо турмушта кыйналып каласыңар. Бул ачык сабакты өткөн Гүлзана Бердиярова эжейге институт студенттеринин, мугалимдердин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем», — деди » ректор Кубатбек Абдыгапар уулу.

Ошондой эле Гулназа Бердияровага «Абдулла ибн Аббас» ислам институтунун ыраазычылык каты тапшырылды.