Кара-Сууда мектеп окуучуларына экстремизмдин алдын алуу боюнча лекция өтүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кызыл-кыштак аймагынын жооптуу имам-хатиби Жахангир ажы Масаитов №123 Сүрөттүү-таш мектебинин жогорку класстын окуучуларына экстремизмдин алдын алуу, уюлдук телефондорду пайдасыз иштерге колдонбоо жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча лекция өттү.

«Телефонду жакшы иш үчүн да, жаман иш үчүн да колдонсо болот. Менин жеке пикиримде окуучулук кезде телефонду эмес, китепти көбүрөөк окуу керек деп айтат элем. Анткени телефон аркылуу интернет айдыңында түрдүү маалыматтар менен бетме-бет келип, анализдөөгө жаштарыбыз маани бербестен, туура эмес маалыматка, ушактарга ишенип калууда. Силердин жакшы жүрүм-туруңар, жакшы окуганыңар ата-энеңерге берген чоң белек болуп саналат», — деди имам-хатиб Жахангир ажы Масаитов.

Айта кетсек, аталган иш-чарага милициянын өкүлү, айыл башчы, мектептин эмгек жамааты жана окуучулар катышты.