Ноокатта болочок ажыларга жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда ажылык сапарына баруучуларга жыйын өткөрүлүп, ажы башчылары тааныштырылды.

Ошону менен биргеликте баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров 2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3750 (үч миң жети жүз элүү) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты айтып,
ажыга барууга 2000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2024-жылдын 27-февралынан 4-мартына (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин 2000$ АКШ доллардан калган 1750$ (миң жети жүз элүү) АКШ долларын төлөшү керектигин эскертти.

Баш имам-хатиб мындан сырткары ажылыктын пазилеттерин, Алла Таала чакырып жаткан соң ибадатты талаптагыдай орундатуу керектигин, ажы башчыларды угуп, тиешелүү эреже-талапка баш ийүүнүн зарылдыктарына токтолду.