Аламүдүндө имамдар арасында волейбол мелдеши өткөрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районунун имамдарынын ортосунда волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Спорттук иш-чараны Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков ачып, жалпы имамдарды сергек жашоого үндөдү:

«Ислам дини ден соолукка көңүл буруп, ага жакшылап кам көрүүнү буйруйт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Аллахтын эки белегинен көптөгөн адамдар кайдыгер. Ал экөөсү ден соолук жана бош убакыт». Андыктан ден соолукка кайдыгер карабашыбыз керек. Жаштарды спорт менен машыгууга чакыралы», — деп билдирди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.