Ош облусундагы жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлөт

Ош облусунун мусулмандарынын казыятында казыят кызматкерлери, райондун баш имам-хатибдери, «Адеп-Башаты» диний уюму, «Дарак» басмаканасы жана «Примов» фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлүп, облустагы жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүү маселеси каралды.

Ош облусу боюнча жалпы имамдар үчүн 1100 даана «Мухтасар аль-Викая» китебин басмаканадан чыгарып, таратуу боюнча талкуу болуп, керектелүүчү каражаттар «Примов» фонду тарабынан каржыланат. Жарыш өткөрүү жана байгелер үчүн жогорку фонд тарабынан 1 000 000 сом акча каражаты бөлүнө турган болду.

«Мечит имамдары үчүн фикх маселелерин жакшы өздөштүрүүсү күн сайын жарандар тарабынан берилүүчү суроолорго жооп берүүдө чоң жардам берет. «Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет» дегендей, сынакка катышуучу имамдарга акысыз китеп тапшыра турган болдук. Буйруса сынакты Рамазан айынан кийин өткөрөбүз. Ага чейин имамдарыбыз китепти бир катар кайталап, даярдануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деди Сайдамир ажы Жейналиев.