Кара-Сууда 5 китептен конкурс уюштурулуп, 9 умрага жолдомо сыйлыгы коюлду

Кечээ, 26-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак мечитинде бир катар китептер боюнча конкурс өткөрүлдү. Конкурстук эмгектер:

1. Чубак ажы Жалиловдун «Бактылуулук формуласы» китебинин өзбекче котормосу;

2. «Динимди үйрөнөм» аттуу жаштарга арналган китеп;

3. «Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сахабалары», өзбекче котормосу;

4. «Азирети Хадижа»

5. «Ашараи Мубашшара» китеби

Сынак тест жана суроо-жооп иретинде өткөрүлдү.

«Китеп окуу адамдын руханий жана сөз байлыгын арттырып, коомдо башкалар менен тил табышууга жардам берет. Азыркы учурда адамдарды китеп окууга чакыруу да кыйын болуп калды. Уюлдук телефон аркылуу каалаган маалыматтарды издей коюп, жалкоо болуп бараткандайбыз. Бул китеп окуу иш-чарасы былтыркы жылы да уюштурулган. Мындан кийинки жылдары да токтобостон, уюштурула берсин деп ниет кылабыз», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Айта кетсек, аталган конкурстун алдыңкы орундарына 9 умра сапарына жолдомо жана үй тиричилик буюмдары коюлган. Жыйынтыгы эки жумадан кийин жарыя кылынат.