«Салахидин Эшан» институтунда студенттер арасында интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

Кечээ,  26-февраль күнү Ош шаардык казыятына караштуу “Салахидин Эшан” институтунда илим-билим таймашы  өткөрүлдү. Аталган жарышка “Салахидин Эшан” институтунун 2-3-курстарынын студенттери 4 тайпага бөлүнүп күч сынашты. Бул таймашта интитуттун программасынан суроолор берилип, атайын сахналык көрүнүштөр менен коштолду. 

 Илим-билим жарышынын максаты жалпы студенттердин билимин жана эл алдында тартынбай сүйлөөсү, ар түрдүү иш-чараларда активдүү болуусуна өбөлгө болору айтылды. 

Бул жарыштын калыстар тобуна Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков, КР ДИМК ТАБ өкүлү Ибрахим Жумабай уулу, казынын экинчи орун басары Исак ажы Юнусов жана казыят кызматкерлери калыстык кылышты. 

Шаардагы диний окуу жайлар жана диний билим берүү боюнча айткан казы орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков буларга токтолду:

«Негизинен илим-билим таймашы жакшы өткөрүлдү. Мындан кийин илимий жарыштарды шаарыбыздагы медресе, окуу борборлор арасында өткөрүү максатыбыз бар. Жакын арада ушул институтта дагы бир конкурс өткөрүлөт. Андыктан ал жарышка да жакшы даярдангыла», — деди. 

Ал эми ДИМК ТАБдын адиси Ибрахим Жумабай уулу ушундай жарыштарды көп-көп өткөрүүнү сунуштап, бул нерсе студенттердин илим алууда тартынбашын жана окуган нерселерин ар дайым кайталап турушуна жакшы жардам болорун айтты. 

 Жарыштын жыйынтыгында 1-орунду “Заманбап” тайпасы, 2-орунду “Маварауннахр” тайпасы, ал эми 3-орунду “ Биримдик” тайпалары утуп, оюнчулар институттун атайын белектери менен сыйланышты.