Кара-Кулжада «Ата-эне жана мугалим менен болгон мамиле» деген темада иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 26-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү «Тойгонбай уулу Мамаш» атындагы мечиттин имамы Абдыкерим Толубаев Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинде «Ата-эне жана мугалим менен болгон мамиле» деген тема өткөрүлгөн иш-чарага катышып, өз баяндамасын жасады.

«Мугалимдик — бул сыймыктуу кесип. Мугалим балдарыбызга окуганды, жазганды, кошуп-көбөйткөндү үйрөтүп, коомдук жашоого тарбиялап чыгарат. Буга биз ыраазычылык айтуубуз керек», — деди имам Абдыкерим Толубаев.

Аталган иш-чарага мектеп жетекчилиги, мугалимдер жамааты жана мектеп окуучулары катышты.