Кара-Кулжада мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү маселеси каралды

Бүгүн, 27-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун акими Дамир Кулубаев менен жолугушуп, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү маселеси боюнча талкуу жүргүзүштү.

Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа районунда эсептик каттоодон өтө элек бир мечит калганын, анын да тиешелүү иш кагаздары даярдалып калганын айтып, райондук администрациянын көрсөткөн жардамдарына ыраазычылык билдирди.

Баш имам-хатибдин айтымында, мындан кийин жаңыдан курула турган мечиттердин тиешелүү иш кагаздары параллелдүү түрдө бүткөрүү боюнча сөз болуп, жаңыдан курулуп жаткан мечиттер тууралуу айыл өкмөттөр өз убагында кабар берип, хатибият менен тыгыз иштеше турган болду.